Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 5-апрелде Өзбекстанга барат.
Хивада өтө турган сүйлөшүүлөрдө өзбек-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары чыңдоонун, ошондой эле көп кырдуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери каралат.
Тараптар өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, экономиканын негизги тармактарында кооперативдик байланыштарды өнүктүрүү, транспорт жана энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашат.