Казакстандын президенти Көчмөндөр оюндары үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Көчмөндөр оюндары үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди.
“10 жыл мурда бул оюндарды биринчи жолу кыргыз бир туугандар уюштурган. Бул үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бул улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөдөгү эң чоң мелдеш, көчмөндөрдүн олимпиадасы десек болот. Оюндар көчмөндөр цивилизациясын дүйнөлүк деңгээлде жайылтат”,-деди Токаев Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктарды 14-сентябрда масштабдуу ишембилик өтөт

14-сентябрда республика боюнча масштабдуу ишембилик өтөт. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кайдыгер карабаган жарандарды иш-чарага катышууга чакырат. Мекеменин маалыматы боюнча, акциянын негизги максаты — таштандыны өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу, жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу. «Бул ишембиликте жарандарга таштандыны иргеп чогултууга чакырыктар жасалат», — деп айтылат министрликтин маалыматында. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн