Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Автор

Казакстанлын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Казакстандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Fox News: Трамп президенттикке керектүү добушту топтоду

Fox News телеканалынын алдын ала маалыматына ылайык, Дональд Трамп АКШ президенти болуп шайлануу үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 277 добушун алды. Эрежелер боюнча президенттик шайлоодо 270 добуштан ашык алган адам жеңүүчү болот. Маалыматка ылайык, Дональд Трамп 277 добушка ээ болду. Атаандашы Камала Харристин 226 добушу бар. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн