Казакстандык журналист Айдос Садыков Киевде көз жумду

Автор

Киевде казакстандык журналист Айдос Садыков каза болду. Бул тууралуу анын жубайы Наталья Садыкова өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Журналист 13 күндөн бери ооруканада, кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан. 18-июнда ага кол салуу болгон.
“Сүйүктүү жубайым, үч балабыздын атасы, казак элинин уулу Айдос өз өмүрүн Казакстан үчүн берди. Жалданма адам өлтүргүчтөрдүн колунан азаптуу өлүмгө дуушар болду. Айдос 13 күн өмүрү үчүн күрөшүп жатты, бирок, керемет болгон жок. Анын өлүмү Токаевдин абийиринде”,-деп жазды журналисттин жубайы.
18-июнда белгисиз бирөө журналистке бир нече жолу ок аткан. Ошол учурда унаада аялы менен бирге болгон. Өзү мээде жаракаты менен ооруканага жаткырылган. Аялы жабыркаган эмес.
21-июнда Украина башкы прокурорунун кеңсеси журналистке кол салууга казакстандык жарандар Алтай Жаканбаев менен Мейрам Каратаев шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар Польшада Киевге келишкен.
22-июнда Алтай Жаканбаев украин полициясына өз эрки менен келген. Казакстан башкы прокуратурасы экинчи шектүүнүн кайда экенин аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кабарлаган. Мындай тапшырманы Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев берген.
Айдос Садыков Украинада качкын статусуна ээ болгон. 2023-жылдын октябрында ага Казакстанда кастыкты козутуу беренеси боюнча издөө жарыяланган.
Журналист жубайы менен “Басе” аттуу YouTube каналын алып барышкан. Анда алар Казакстан бийлигинин аракеттерин сынга алышкан. Ошондой эле 2022-жылдын январындагы нааразычылыктарды колдошкон. “Басе” каналынын 1 миллиондон ашуун катталуучусу бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек ЖЭБнин директору алмашты

Нургазы Курманбеков Бишкек Жылуулук электр борборунун директору болуп дайындалды. Бишкек ЖЭБдин жамаатына Нургазы Курманбековду Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев тааныштырды. Талайбек Байгазиев белгилегендей, ишкананын жетекчилигине отун-энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, башталган реформаларды аягына чыгаруу жана белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча маанилүү милдеттер коюлган. Өз кезегинде […]

Сизге жагышы мүмкүн