Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктады

Автор

Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды.
Жабылыш аземинде КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Алтынбек Максутов Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары маанилүү окуялардын бири болуп калганын, бул улуттардын, ар кайсы конфессиялардын биримдигин бекемдеген ири иш-чарага айланганын белгиледи. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Иш-чаранын алкагында Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасы кайрадан Кыргызстанга берилди. Казакстан Республикасынын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов көкөрдөгү мөңгү суусун Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго тапшырды.
Эске салсак, бул жолку оюндар Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрь күндөрү өтүп, ага 89 өлкөдөн келген 2500дөн ашык спортчу спорттун 21 түрүнөн күч сынашты. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 183 спортчу 18 спорттун түрүнөн катышып, жалпы командалык эсепте 59 медаль (18 алтын, 18 күмүш жана 23 коло) менен 2-орунду ээледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Валентина Шевченко үчүнчү жолу Алекса Грассо менен беттешет

Бүгүн 14-сентябрда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңил салмак категориясында үчүнчү ирет мексикалык Алекса Грассо беттеш өткөрөт. Бул беттеш Мексикада өтө турган Riyadh Season Noche UFC (UFC 306) турниринин башкы окуясы болмокчу. Эскерте кетсек, Валентина Шевченко менен Алекса Грассо буга чейин эки жолу беттешкен. Биринчи беттеште Грассо Шевченкону муунтуу ыкмасы менен […]

Сизге жагышы мүмкүн