Казакстанда 64 миң адам көчүрүлдү

Автор

Казакстанда суу каптоодон улам 64 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү башкармалыгынын башчысы Кахарман Оразалин билдирди.
Актөбө, Костанай, Павлодар, Акмоло, Атырау жана Түндүк Казакстан облустарында 3391 жеке үй, 1059 даана жана 79 ар кандай багыттагы имараттар суу астында калды.
«Учурда 63 миң 927 адам куткарылган жана эвакуацияланган, алардын 45и ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле 15 миң 283 бала»,-деди Кахарман Оразалин.
Убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 13 миң 328 адам болсо, анын 6 миң 742си балдар. Алар бардык керектүү нерселер менен камсыздалган.
Казакстанда суу ташкындын абалы оор бойдон калууда. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуу жасады. Анын айтымында, азыркы кырдаал масштабы жана кесепеттери боюнча акыркы 80 жылдагы эң чоң кырсык болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.30 сомдон болсо, сатуу 89.87 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 33 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн