Казакстанда 5 өлкөнүн аскерлери машыгууларды баштады

Автор

Казакстан батышында Маңгыстау аймагында «Биримдик-2024» эл аралык аскердик машыгуулары башталды. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, машыгууларга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген аскердик контингенттер катышууда. Иш-чара 8-июлдан 17-июлга чейин созулат.
Беш өлкөнүн аскерлери куралдуу жаңжалды жайгаруу боюнча биргелешкен операция өткөрүшөт. Бөлүктөр шарттуу террорчулар басып алган жайды бошотуу, коопсуздукту камсыз кылуу жана инфраструктураны коргоо боюнча аракеттерди ишке ашырышат. Машыгууларга болжол менен төрт миң жоокер жана 700гө чейин аскердик техника катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Орбан: Кийинки станция — Вашингтон

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан АКШнын борбору Вашингтонго барарын билдирди. «Кийинки станция — Вашингтон»,-деп жазды ал Инстаграмда. Өткөн аптада Орбан Киевде, Москвада, Тоолуу Карабахта жана Пекинде болгон. “Евробиримдикке төрагалык кылган Венгрия Кытай жана Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелердин туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүдө активдүү роль ойнойт деп үмүттөнөт”,-деди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин дүйшөмбү күнү […]

Сизге жагышы мүмкүн