Казакстанда 31 миңден ашуун адам үйлөрүнө кайтты

Автор

Казакстандын калктуу аймактарында суу каптоодон жабыркаган 31 112 адам үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Аскар Шарип билдирди.
8566 адам эвакуациялоо борборлорунда калууда. Алардын 3718и жашы жете элек өспүрүмдөр. 5677 турак жайдан жана 2600 короодон суу чыгарылды.
Куткаруучулар Атырау, Актөбө, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарынын тургундарына жардам көрсөтүүнү улантууда. Суу ташкыны менен 32 миңден ашуун адам күрөшүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ар бирибизге компромат бар

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков кесиптеши Жусупбек Коргонбай уулунун мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырып, депутаттыктан кетиши боюнча пикирин билдирди. “Ысык-Атада айыл өкмөт болгон бир жигит кайра эле эртеси күнү кызматын тапшырып берип, кетип калды. Билгендер айтышты, аны орган кызматкерлери алып барып, бир нерсесин көргөзгөн экен, кой деп кетип калыптыр. Коллегабызга деле […]

Сизге жагышы мүмкүн