Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 4 медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт депаратментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара Казакстандын Тараз шаарында өтүп, Динмухаммед Кунаевдин жаркын элесине арналып уюштурулган.
Белгилей кетсек, 70 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев мелдештин жеңүүчүсү аталса, Алмаз Сманбеков (61 кг), Аден Сакыбаев (70 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (74 кг) коло медалга ээ болушту.