Казакстанда ракка каршы дарылар чыгарылат

Автор

2021-жылдын ноябрында ошол кездеги саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой Швейцарияга болгон иш сапарынын алкагында Казакстанда онкологиялык дарыларды өндүрүүнү караган стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Roche компаниясы менен алкактык келишимге кол койгон. Дары ушул жылдын экинчи жарымында чыгарыла баштаары белгилүү болду.
Ракка каршы дарыларды өндүрүү Алматы фармацевтикалык фабрикасы “Нобель” акционердик коомунун базасында түзүлөт. Мындан тышкары, Pfizer менен Казакстанда да өндүрүлө турган “Превенар-20” пневмококк вакцинасынын долбоору боюнча иштер жүрүп жатат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда бул долбоорлорду ишке ашыруу инновациялык жана уникалдуу дары-дармектерди алууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 17-январга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 32 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн