Казакстанда кыргыз мигранттары катаал текшерүүгө алынууда

Автор

“Учурда Алмата шаарындагы “Алтын-Орда” базарында биздин мигранттарды казак укук коргоо органдары кыйнап, өткөн жумада жалган жалаа менен 4 жылга камалган Эрмек Маркабаевге көрсөтмө бересиң деп зомбулук кылышууда”, – деп билдирди Жанар Акаев парламенттин жалпы жыйынында.
Аталган базарда иштеген кыргызстандык жарандар депутатка кайрылуу жолдогон. Анда 50 миң долларга чейин сатып алган контейнерлерин рейдерлик жол менен тартып алышканы, кыргыз айдоочулук күбөлүк менен кыргыз номериндеги унаалар токтотулуп, катаал текшерүүгө алынып жатканы айтылган. Депутат тышкы иштер министрлиги ушул маселени токтоосуз чечилсин деген протоколдук тапшырмасын берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Иш издегендерге электрондук маалымат базасы ачылды

Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жумуш издеген адамдар, бош орундар, иш берүүчүлөр, учурдагы кесиптик окуу курстары боюнча маалыматтарды камтыган электрондук база ишке кирди. Мындан ары жумуш же жумушчу-кызматкер издегендер zanyatost.kg порталынан маалымат алса болот. Ошондой эле жумуш издөөчү […]

Сизге жагышы мүмкүн