Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел каптаган айыл-шаарлардан куткарылгандар 108 миңден ашканын билдирди. Алардын 38 миңи балдар.
Селдин кесепетинен Казакстандын Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар облустарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.