Казакстанда кулаган учакта Кыргызстандын үч жараны болгондугу айтылды

Автор

Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдоруна таандык учак кулап, ичинде кыргызстандык үч жараны болгон. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, J2-8243 номерлүү Баку-Грозный каттамын аткарып бара жаткан Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта авариялык конууга мажбур болгон.
Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Россиянын16 жараны болгон.
«Жабырлануучулар боюнча маалымат такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, 25 адам аман калып, анын 22си ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.
Учак кырсыгынан жабыркагандар ооруканаларга жеткирилгени айтылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмелери такталууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Алиев учак кырсыгына байланыштуу КМШ саммитинен кетти

Азербайжан президенти Илхам Алиев КМШ саммитинен Актау шаарындагы учак кырсыгына байланыштуу кайтып келет. Баку (Азербайжан) – Грозный (Россия) багыты боюнча каттамды аткарып жаткан учактын экипажы башкаруу системасынын бузулганын билдирип, коопсуздук сигналы жөнөткөн жана Казакстандын Мангистау облусундагы Актау шаарына конуу чечимин кабыл алган. Актау аэропортуна конууга аракет кылып жатканда учак жерге […]

Сизге жагышы мүмкүн