Казакстанда мунайдын запасы жетиштүү экенин айткан энергетика министри Алмасадам Саткалиев эми ресурстарды толуктоо жөнүндө ойлонуу керектигин кошумчалады.
“Божомолдор боюнча, 100 жыл үчүн бул жетиштүү болот. Бирок бизде келечектүү кендер бар экенин айткым келет. Өкмөт мамлекет башчысынын колдоосу менен жаңы келишимди бекитти. Бул кендерди чалгындоого олуттуу жеңилдиктер каралган”,-деди Саткалиев өкмөттүн жыйынында.