Казакстанда бензин менен дизелдик отунду экспорттоого тыюу салынды

Автор

Казакстандын бийлиги бензин менен дизелдик отунду үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө да темир жол жана автоунаа аркылуу экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети, Каржы министрлиги жана Ички иштер министрлиги тарабынан кабыл алынган буйрук мамлекеттик ачык нормативдик-укуктук актылар порталында жарыяланды.
Бул чаралар өлкөнүн ички рыногунда күйүүчү-майлоочу материалдардын тартыштыгын алдын алуу максатында кабыл алынган.
Документке ылайык, темир жол аркылуу нефть продуктыларын чыгарууга тыюу 2025-жылдын 1-февралынан 29-мартына чейин күчүндө болот.
Бул тыюу пландык жеткирүүлөрдүн алкагында экспорттолгон нефть продуктыларына, ошондой эле табигый кырсыктар, авариялар же катастрофалардын кесепеттерин жоюу үчүн көрсөтүлгөн гуманитардык жардамга тиешеси жок.

Бөлүшүү:
Next Post

“АгроДиалог - 2025”: Агроөнөр жай форумунун экинчи күнү уланууда

Бишкекте “АгроДиалог- 2025” агроөнөр жай форумунун экинчи күнү өтүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Форум республикадагы мал чарбачылыгын мыкты өздөштүрүп, жакшы көрсөткүчтөргө жана экономикалык жетишкендиктерге жеткен фермерлерге дагы да түрткү берүү, алардын тажрыйбасын жайылтуу жана фермерлерге үлгү көрсөтүү максатында уюштурулууда. Бүгүн, […]

You May Like