Казакстанда банан өстүрүлө баштады

Автор

Түркиянын “GenGroup Qazaqstan” компаниясы Казакстандын Түркстан облусунда банан өстүрө баштады.  Бул өлкөнүн өнөр жайлык масштабдагы биринчи банан өндүрүшү.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, GenGroup Qazaqstan бул аймакта банан дарактары менен 5,3 гектар жерге күнөскана комплексин курган.  Бул Казакстандын климаттык шартына ыңгайлашкан» атайын өстүрүлгөн банан сорту.
Жакынкы аралыкта күнөскананы дагы 5 гектарга кеңейтүү пландаштырылууда, бул жылына 1000 тоннага жакын банан өндүрүүгө мүмкүндүк берет.  Биринчи түшүмдү алты-сегиз айдын ичинде жыйнап алуу пландаштырылган.  Күнөсканаларда помидор, кулпунай да өстүрүлөт.
Долбоордун биринчи этаптагы баасы 4 миллион долларды түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Көк бөрү боюнча I Дүйнө кубогу. Алгачкы эки күндүн жыйынтыгы

Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында көк бөрү боюнча клубдар аралык I Дүйнө кубогу өтүп жатат.   Алгачкы эки күндөгү беттештердин жыйынтыгы боюнча турнирдик таблица:   Биринчи күн:   – “Алтай” (Россия) – “Екатеринбург” (Россия) – 5:0;   – “Жаштык” (Кыргызстан) – “Алтын Альянс” (Кыргызстан) – 3:2;   – “Ынтымак” (Кыргызстан) – […]

Сизге жагышы мүмкүн