Казакстандан ЕБге аба каттамдарына коюлган чектөөлөр алынды

Автор

Казакстандан Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө учуу коопсуздугунун кара тизмеси боюнча бардык чектөөлөр биротоло алынып салынды.
Республиканын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай учуу коопсуздугу боюнча Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн авиация компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Анда эксперттер учууну уюштуруу, авиациялык персоналды окутуу жана лицензиялоо чөйрөсүндө сертификациялоо, көзөмөлдөө тутумунун натыйжалуу иштөөсүндөгү олуттуу жакшырууну белгилешти.
Жыйынтыгында Казакстандын авиакомпанияларына Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө каттамдарга коюлган бардык чектөөлөр алынып салынды.
Казакстандын авиакомпаниялары биринчи жолу 2009-жылы Евробиримдиктин кара тизмесине кирген.

Бөлүшүү:
Next Post

1-июнда күтүлгөн аба ырайы

1-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн