Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуудан кийин казак бийлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөткөнүн белгиледи.
Казакстандын батыш, түндүк жана чыгыш аймактарында аба ырайынын кескин жылышы жана жаан-чачындын кесепетинен көптөгөн калктуу пункттарды суу каптады.
12 облусунда суу ташкындарынан улам кырдаал курчуп турат. Сегиз аймакта жергиликтүү өзгөчө кырдаал жарыяланган. 13 миңден ашык адам эвакуацияланган.