“Мен трибунадан айтып коёюн, “Женгону” Оштон алдырып келатам. Анткени, ал көнгөн ишин дале улантып жатат. Ал экранга калп эле сүйлөп койгону менен мыйзамдагы ууру макамынан баш тарта элек экени аныкталды. Мен эми ал уюшкан кылмыштуу топтун лидери экенин жоём. Биздин өлкөдө криминал, ОПГ дегендер болбойт”,- деди УКМК төрагасы Жогорку Кеңештин жыйынында.
Белгилүү болгондой, учурда “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов УКМК тарабынан Бишкекке алынып келе жатат.