Мындан ары айыл өкмөт болбогон – аким, министрдин орун басары болбогон – министр, ал эми аким болбогон – губернатор боло албайт. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-декабрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы “Биз азыр ушул багытта мыйзам даярдап жатабыз. Бул биздин эффективдүү өнүгүүбүздү шарттайт”,- деди.