«Кадастр» мекемесинин мурдагы башчысы пара берип жатканда кармалды

Автор

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдииршти.
Маалыматка ылайык, ал жетекчи болуп турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, комуналдык-кампа зоналарын, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ж.б.) куруу үчүн арналган жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.
Мындан улам, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 15 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Япон компаниясы Ливандагы жарылууларды текшерет

Радио жабдыктарды өндүрүүгө адистешкен япониялык Icom корпорациясы Ливандагы жарылуулардын экинчи толкунунда радиобайланыш каражаттары жарылганы тууралуу кабардан кийин текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу компания өзүнүн сайтында билдирди. Ливанда Icom логотиби бар эки тараптуу радиобайланыш түзүлүштөрү жарылганы тууралуу маалыматтардан кийин бул маселеге байланышкан фактыларды иликтеп жатабыз»,-деп айтылат билдирүүдө. 17-сентябрда Ливан боюнча «Хезболла» […]

Сизге жагышы мүмкүн