Кадамжайда сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылына сел келип, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге суу кирген.
Мындан улам 25-июнда Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши балдар ооруканасына Россиянын чабуулунун кесепеттерин карайт
Шей Июл 9 , 2024