Кадамжайдагы сел парламентте көтөрүлдү

Автор

N:3 Кадамжай шайлоо округунун депутаты Рысбек Атажанов 24-июндагы нөшөрлөгөн жамгырдан улам жапа чеккен Кадамжай району боюнча маселе козгоп, Исхак-Полоткан, Жеңиш айылдарындагы селдин кесепеттери жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.
Белгилүү болгондой, сел жүрүү учурунда 5 жашар бала да агып кетип, натыйжада, көз жумган. Рысбек Атажанов төраганын жеке фондунан селден жабыркаган жарандарга жардам берүүнү сунуштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Таалай Сарбашев милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат сурады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-июнда парламенттин жалпы жыйынында айтты. Эл өкүлү “2015-жылы мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ал турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча эле. Азыр табият кырсыгынан канча деген турак жайлар жабыркап жатат. Бизде канча үй, канча […]

Сизге жагышы мүмкүн