Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Автор

Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бүгүн КР президентинин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы серепчиси Элден Калчакеев министрдин жаңы орун басарын эмгек жамаатына тааныштырды.
Белгилей кетсек, мурда бул кызматты ээлеп турган Айжамал Шамбетова өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте балбан Жоламан Шаршенбековдун үлпөт тою өтүүдө

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте балбан Жоламан Шаршенбеков менен жубайы Айхандын үйлөнүү үлпөт тою өтүп жатат. Бул тууралуу анын достору соцтармактарга жарыялашты. Буга чейин 23-сентябрда Айхандын кыз узатуу тою Таласта өткөн. Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын үч жолку чемпиону. Парижде өткөн Олимп оюндарыны коло медалынын […]

Сизге жагышы мүмкүн