Июнь айына карата аба ырайы

Автор

Быйылкы жайдын алгачкы айы ысык болот. Кыргызгидромет агенттиги июнга күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Чүй облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13төн 17…22 градуска чейин, күндүз 26…31ден 33…38ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 20…25 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 4…9дан 12…17 градуска чейин, күндүз 15…20дан 25…30 градуска жетет.
Талас облусу
Абанын айлык температурасы түнкүсүн 6…11ден 15…20 градуска чейин, күндүз 24…29дан 31…36га чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 18…23 градуска төмөндөшү күтүлөт.Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (26-31 мм).
Ош облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14төн 19…24кө чейин, күндүз 27…32ден 34…39га чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 21…26 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жалал-Абад облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14төн 19…24кө чейин, күндүз 27…32ден 34…39 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 21…26 градуска төмөндөшү ыктымал.
Баткен облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14төн 19…24кө чейин, күндүз 27…32ден 34…39 градуска чейин жетет. Кээ бир күндөрү 21…26 градуска дейре төмөндөшү күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9дан 12…17ге чейин, күндүз 16…21ден 26…31 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Нарын облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 10…15ке чейин, күндүз 16…21ден 26…31 градуска чейин жетет.

Бөлүшүү:
Next Post

Студенттер Израил менен байланыштарды ачыкка чыгарууну талап кылышууда

Улуу Британиядагы Кембридж жана Оксфорд сыяктуу белгилүү университеттердин студенттери окуу жайларынын жанында чатыр лагерлерин куруп, кенен класстарда жашагандан көрө уктоочу баштыктарды тандашты. Акциянын катышуучулары университеттердин жетекчилигинен Израил менен каржылык байланыштарды ачыкка чыгарууну талап кылышууда. Митингдин катышуучуларынын бири ЮНИСЕФтин статистикасы боюнча Рафах шаарында 600 миң жашы жете элек өспүрүм ачкачылыкта жатканын […]

Сизге жагышы мүмкүн