Июлда ШКУнун саммити өтөт

Автор

Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити 3-4-июлда өтөт. Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелер каралат.
Форумга байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу күтүлүүдө.
1996-жылы Шанхайда беш мамлекеттердин – Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын жетекчилеринин биринчи жолугушуусу болгон. Саммиттин катышуучулары чек ара райондорунда аскердик тармак боюнча ишенимди чыңдоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Бул документтин негизинде “Шанхай бешилтиги” деп аталган саясый бирикме пайда болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Forbes: Илон Маск мындан ары дүйнөдөгү эң бай адам эмес

Француз миллиардери Louis Vuitton Moet Hennessy (LVMH) компаниясынын башкы директору Бернар Арно компаниясынын акциялары европалык соодада дээрлик 1,5 пайыз кымбаттагандан кийин Илон Маскты басып өтүп, дүйнөнүн эң бай адамы болду. Бул тууралуу Forbes билдирет. «Таза байлыгы 210,1 миллиард доллар болгон Арно 208,6 миллиард долларлык байлыгы болгон Tesla компаниясынын башкы директорун […]

Сизге жагышы мүмкүн