Иш издегендерге электрондук маалымат базасы ачылды

Автор

Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жумуш издеген адамдар, бош орундар, иш берүүчүлөр, учурдагы кесиптик окуу курстары боюнча маалыматтарды камтыган электрондук база ишке кирди. Мындан ары жумуш же жумушчу-кызматкер издегендер zanyatost.kg порталынан маалымат алса болот. Ошондой эле жумуш издөөчү порталдан эле электрондук арыз берип, каттоого тура алат.
Аны менен катар министрлик жумушка орноштуруу боюнча маалыматтарды онлайн режимде алууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында «электрондук эмгек биржасы» жана zanyatost.kg мобилдик тиркемеси түзүлгөнүн кабарлады.

Бөлүшүү:
Next Post

Шалаакы дарыгерлер жоопко тартылышы керек

Кыргызстан балдардын жана энелердин өлүмү көбөйүп баратат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова бүгүн, 14-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты. Эл өкүлү “Кыргызстан балдардын жана энелердин өлүмү боюнча алдыңкы орунда турат. Мына, 14-февралда Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук 4-территориалдык ооруканада 37 жаштагы Гүлмира Мамбетова аттуу келин төрөттөн каза болду. […]

Сизге жагышы мүмкүн