Жергиликтүү жетекчилер эл жыргалчылыгы үчүн иштебесе, кызматтан кетишет. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл менен болгон кезектеги жолугушуусунда ушундай деди. “Айыл өкмөт, аким, губернатор жана мэрлер, эгер иштебесеңер орунду ээлеп отурбай бошотуп койгула. Иштейм деп чуркап жүргөн кадрлар көп”,- деди ал. Ошондой эле облустук ИИМ, УКМК, Сот жана прокурордун башчыларына жоопкерчиликти жүктөп, тартипти, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотуу тапшырмасын берди.