Америкалык ишкер Илон Маск АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясында түзүлгөн жаңы мекемени жетектей турганы жарыялангандан кийин, мамлекеттик кызматка келүүсү «бюрократияга коркунуч» туудурушу мүмкүн экенин айтты.
«Демократияга коркунуч эмес, бюрократияга коркунуч»,-деп жазган Маск социалдык тармакта. Ал азыркы президент Жо Байден менен вице-президент Камала Харрис Трампты «демократияга коркунуч» деп айтканына тамаша менен жооп берди.
Маск жаңы министрлик жүргүзгөн иштерди онлайнда жарыялап, толук ачыктыкты камсыздай турганын белгиледи. Ал ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн «эн негизсиз чыгымдарынын» тизмесин түзүүнү убада кылды. «Бул аябай кайгылуу, бирок, абдан кызыктуу болот»,-деди ишкер.
Өз кезегинде Трамп бул министрлик 2026-жылдын 4-июлуна АКШнын Көз карандысыздык декларациясынын 250 жылдыгына карата «эффективдүү жана чакан өкмөттү» белек кылат деп үмүттөнүп жатканын айтты.
Трамп буга чейин Илон Маск менен ишкер Вивек Рамасвами Мамлекеттик башкарууну жакшыртуу министрлигин жетектээрин билдирген.