Америкалык миллиардер жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск жаңы билдирүү жасады. Анын айтымында, ушул убакка чейин ал келгиндердин бар экендигинин далилин көрө элек.
Ишкер Римдеги коомдук иш-чарада сүйлөп жатып, Саманчынын жолунун биздеги бөлүгүндө адамзат аң-сезими бар жашоонун бирден бир түрү экенин кабыл алганын мойнуна алды. “Биз галактиканын бул бөлүгүндөгү жалгыз аң-сезимдүү жандыктар болушубуз мүмкүн”-деди Маск.
Буга чейин Маск жасалма интеллект адамдарды мажбурлап иштөөдөн бошотуп, келечекте адамдар иштөөгө муктаж болбой калат деп болжолдогон.