Бишкекте Gergert Sport дүкөнүнүн ээси камакка алынды. Аны укук коргоочулар кармап кетишкен. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, февраль айына чейин камакта калтырган чечимин чыгарды.
Аталган дүкөндүн ээси Виталий Гергерт боюнча УКМК же, ИИМ комментарий бере элек.
Эскерте кетсек, 2021-жылы Финансы полициясы дүкөнгө мөөр басып, бажы төлөмдөрүнө байланыштуу өлкө казынасын 20 млн сом чыгымга учуратканы айтылган. Ал эми 2022-жылы Бажы кызматы дагы кошумча 5 млн сом чыгым келтиргенин таап чыкканы белгилүү болгон.