Ишкер Илон Масктын апасы Алматыга келет

Автор

Америкалык ишкер жана Teslaнын негиздөөчүсү Илон Масктын апасы Мэй Маск октябрь айында биринчи жолу Алматыга келет.
Ал 17-октябрда Алматыда өтө турган Борбордук Азиядагы аялдар форумуна катышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын басма сөз кызматы билдирди.
Конок алматылыктарга саламаттыкты сактоо, тамактануу, гендердик теңчилик, балдарды жалгыз тарбиялоо, кыйынчылыктарды жеңүү жана өзүнө ишенимдүү болуу жөнүндө айтып берет.
Мэй Масктын эки магистр даражасы бар. Диетология илимдеринин доктору болуп эсептелет. Ал 45 жылдан ашуун убакыттан бери тамактануу тармагында өзүнүн жеке ишканасын жетектеп, кеңештерди берип келет.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары -2024: Кыргызстандын эсеп куржунунда 14 медаль бар

Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук курама команда 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Алтын медаль ээлери: – Бекболот Токтогонов (кураш, +100 кг); – Уланбек Турганбаев (таяк тартыш, 65 кг); – […]

Сизге жагышы мүмкүн