Бүгүн, 29-ноябрда борбор калаада “Аялдар ойлоп табуучулукта, илимде, креативдүү индустрияда жана ишкерликте” деп аталган форум өттү.
Ага өзүн жашоодо жана бизнесте активдүү көрсөтө алган ишкер айымдар, депутаттар жана министрликтин өкүлдөрү чакырылды.
Иш чаранын алкагында “Дүйнө аялзатынын көзү менен” деген жарманке да уюштурулду. Жарманкеде жеңил өнөр жай ишканаларынан өндүрүлгөн товарлар көргөзмөгө коюлду. Форумдун катышуучулары “Аялдар агроөнөр жай тармагында, же келечекке көз караш” деген темада сөз кылышып, “40 райондон 40 демилге” сынагынын лауреаттары менен да талкуу уюштурушат.