Ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо күчөтүлдү

Автор

Президент мыйзам бузган ишкерлерге Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын – электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагын колдонууну сунуштады. Бул демилге ишкерлерди камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын негизсиз колдонуудан коргоо үчүн көтөрүлүп жатат. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров ошондой эле ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Документ Кыргызстандагы ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталганы айтылды.
Мындан улам Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Кылмыш-жаза кодексине мыйзамдуу ишкердик менен алектенгендерге тоскоолдук кылгандардын жоопкерчилигин караган берене кошуу, ушундан улам Укук бузуулар жөнүндө кодексине мындай мыйзам бузуу үчүн айып пулду 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүү сунушталууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына балдарды электрондук каттоонун II этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. II этаптын биринки күнү 9 миңден ашык бала катталды. Ал эми 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун I этабында 70 миң 16 бала катталган. Балдарды биринчи класска электрондук каттоонун экинчи […]

Сизге жагышы мүмкүн