Ишкердин соту 26-ноябрда каралат

Автор

Түрмөдө жаткан ишкер Имамидин Ташов №31 дарылоо мекемесинен Бишкектеги №1 тергөө абагына которулганы белгилүү болду.
Ишкер жактоочусу менен жолукканда кыйноого алынганы боюнча жазган арызына Аскер прокуратурасы чара көрбөй жатканын билдирген.
“Ташовдун айтымында, Аскер прокуратурасынан эки тергөөчү келген. Бири Ташовдун тергөө абагында өзүн кескилегени боюнча, экинчиси анын Башкы прокуратурага жазган арызы боюнча текшерүү жүргүзүшкөн. Экөө тең ишкерди адвокатын катыштырбай туруп, күбө катары суракка алууга аракет кылышкан. Бирок ал адвокатсыз көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Буга байланыштуу Имамидин Ташов Башкы прокуратурага, Акыйкатчыга жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылып, бул маселени иликтөөнү өтүндү”, – деп маалымдаган “Азаттыкка” анын жактоочусу Самат Матцаков.
Ишкердин апасы уулун 11-12-13-июнь күндөрү тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгышып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканын айтып, бийлик өкүлдөрүнө жана коомчулукка кайрылган эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү качан баштаары белгилүү болду

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди 2025-жылдын январь айынан баштайт. Fox News телеканалынын эфиринде Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматына көрсөтүлгөн конгрессмен Майк Уолтц бул тууралуу айтты. Ал сүйлөшүүлөргө Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү да катышарын белгиледи. “Кимдер сүйлөшүү столунда отурарын, эки тарапты кандайча катыштыруу керектигин […]

Сизге жагышы мүмкүн