Италиянын премьер-министри ЕБдеги жогорку кызматтарды бөлүштүрүүнү айыптады

Автор

Италиянын премьер-министри Жорджа Мелони Еврокомиссиянын жаңы курамын түзүү жана орундарды Европарламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын эске албай бөлүштүрүү боюнча ыкмаларын жана мамилелерин сынга алды.
“Мен шайлоо өнөктүгүнүн алдында, учурунда жана андан кийин айрым ыкмалардын пайда болушуна таң калбайм, бирок чыныгы демократияга ишенген эч бир адам добуш берүүнүн жыйынтыктары алынганга чейин эле орундардын бөлүштүрүлө башташына макул боло албайт”,-деди Мелони ЕБ саммитинин алдында парламенттин төмөнкү палатасында сүйлөп жатып.
“ЕБ институттары нейтралдуу логикада ойлонулган. Жогорку посттор чоң топторду эске алуу менен бөлүштүрүлөт. Бирок бүгүн биз бир бөлүк баары үчүн чечим кабыл алган жаңы сценарийди байкап жатабыз. Италия өкмөтүнүн атынан мындай эксклюзивдүү бейрасмий макулдашууну мен айыптайм жана аны колдобойм”,-деп белгиледи Мелони.
ЕБдеги жетекчилик орундарга дайындоолорго ылайык Урсула фон дер Ляйен ЕБ башчысы бойдон калат, Шарль Мишелди Евросоветтин башчысы кызматында Португалиянын мурунку премьер-министри Антониу Коста алмаштырат. Жозеп Боррелди ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү кызматында Эстониянын премьер-министри Кая Каллас алмаштырат. Бул макулдашуу алкагында НАТОнун баш катчысынын посту да бөлүштүрүлүп, Йенс Столтенбергдин ордуна Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан менен Кытай 1,5 млрд долларлык келишимдерге кол койду

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын, бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Маалыматка ылайык, келишимдер Үрүмчүдө өткөн “Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында жетишилди. Документтер логистика, машина куроо, соода жүгүртүү, тоо-кен, энергетика, кызматташуу сыяктуу жана башка тармактарга тиешелүү. Кызматташуунун суммасы 1 млрд 500 млн долларга бааланууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн