Атагы даңазага айланган, кыргызды дүйнөгө тааныткан кайталангыс талант Чолпонбек Базарбаев менен бийлеген италиялык легендарлуу балерина Лилиана Кози 50 жылдан соң кайрадан Кыргызстанга келди.
1977-жылы Бишкек андагы Фрунзе шаары эле эмес, 15 союздук республикадан куралган мамлекет дүңгүрөп турду. Себеби Италиянын прима- белеринасы Лилиана Кози андагы үлкөн мамлекеттин ичинен Кыргызстанга, балеттин геннийи Чолпонбек Базарбаев менен сахнада бирге бийлөөгө атайын келген.
Арадан 50 жыл өткөн соң кайтып келишинин башкы максаты эки тараптуу кызматташтык келишимге кол коюу жана келишимдин шарттары боюнча Кыргызстандан төрт балет бийчисин тандап Италияда бекер окутуп берүү болуп саналат.
Бул жолу легендарлуу белерина Кыргыз Республикасынын Италия мамлекетиндеги ыйгарым укуктуу элчиси Таалай Базарбаевдин чакыруусунда келип отурат.
Атактуу бийчи “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры жана италиялык Nuovo baletto classico балет мектеби кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшкандыгын билдирди.
Италиялык балет мектебинин жетекчиси бүгүнкү меморандум Кыргызстан менен Италиянын искусство жаатындагы иштерин бириктирет. “Бул балетти гана эмес, бардык искусствону коом үчүн сүйүү, анткени биз эл үчүн бийлейбиз”, – деди Лилиана Кози.
Лилиана Кози бүгүн саат 16:00до Хореграфиялык окуу жайындагы Чолпонбек Базарбаевдин музейине барып, Чолпонбек Базарбаев атындагы фонддун төрагасы Иса Токоев менен жолугушат.