Италиянын коргоо министри Киевге келди

Автор

Италиянын коргоо министри Гуидо Крозетто Киевге расмий иш сапары менен келди.
«Крозетто расмий иш сапары менен Киевге келди. Анын алкагында бийлик өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт»,-деп айтылат Италиянын коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Италиянын коргоо министринин Киевге болгон иш сапары Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Римге жарыяланбаган иш сапарынан бир жума өткөндөн кийин башталды. Украинанын кесиптеши менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында Италиянын премьер-министри Жорджа Мелони Владимир Зеленскийге Россия менен болгон тынчтык сүйлөшүүлөрүндө «эң жакшы позицияларды» камсыз кылууга убада берип, Италиянын Украинаны толук колдой турганын ырастады.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев ЖОЖдордун кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Эмнелер талкууланды?

Бүгүн, 16-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Кеңешме УКМКнын Академиясынын имаратында Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин (орун басарлары), ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусунда өттү. Жолугушууда Камчыбек Ташиев жогорку билим […]

You May Like