Италияда “Кыргызстан” паркы ачылды

Автор

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында Рим шаарында “Кыргызстан” паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Салтанатка кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.
Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Парктын ачылыш аземинин алкагында тараптар Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн бош орундар жана кесиптердин жарманкеси өтөт

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жарманкеге 100дөн ашык ишкана катышып, алар учурдагы бош орундарды сунуштап, иш берүүчүлөр менен түз байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Анда 4 миңге жакын бош […]

Сизге жагышы мүмкүн