Исхак Масалиев Украина менен согушта Россияга колдоо көрсөтүүнү сунуштады

Автор

4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев Украина менен болгон жаңжалда Россияны колдоону сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, Россия менен Украина ортосундагы согуш эки жылдан бери уланып келе жатат жана бул Кыргызстан үчүн союздаш болгон Россиянын ички маселеси болгон.
“Биз бейтарап позицияны карманып келгенбиз, бул туура деп эсептейм. Бирок август айынан бери 15 облуска ракеталар жана бомбалар атылды. Эмне үчүн бул маселени көтөрүп жатам? Анткени ал жакта 1 миллионго жакын биздин жарандар жашап, иштеп жатат. Мындан тышкары, биз ЖККУнун союздаштарыбыз. Төрагадан Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары, бул маселени көтөрүп, терең изилдөөнү жана тиешелүү чечим кабыл алууну өтүнөм. Менимче, биз колдошубуз керек. Биз кандай формада жардам көрсөтө алабыз ойлонуу керек. Мамлекеттик дума же коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барышыбыз керек”,-деди Масалиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Римде байыркы эстелик чагылгандан жабыркады

3-сентябрда Римде катуу жамгыр жаап, шамалдын ылдамдыгы саатына 90 чакырымга жетти. Көчөлөрдү суу каптап, дарактар кулады. Чагылган Константин аркасынын чоң таштарынын бирине тийип, жерге түшкөн. Зыянды эсептөө башталды. Колизей менен Палатиндин ортосунда жайгашкан эстелик IV кылымда курулган. Ал 312-жылдын 28-октябрында Мильвий көпүрөсүнүн жанындагы салгылашта Константиндин Максенцийди жеңгенине арналган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн