Исхак Масалиев Лениндин эстелигин алууга шашылбай турууга чакырды

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-январындагы жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкектеги Лениндин эстелигин алууга шашылай турууга чакырды.
«20-кылымдын башында жерибиз жок болчу, экиге бөлүнүп турганбыз. Бир бөлүгү Россия империясынын, экинчи бөлүгү Кокон хандыгынын курамында болгон. Улуу Октябрдын шарапаты менен Советтер Союзу түзүлүп, андан кийин Кара-Кыргыз Автономиялуу облусун, андан кийин Кара-Кыргыз Автономиялуу Республикасын түздүк, кийинчерээк Кыргыз ССРи түзүлдү. Ушул чек араларда биз эгемендүүлүккө ээ болдук. «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө Владимир Ильич Ленин чоң роль ойноду деп эсептейм, – дейт Исхак Масалиев.
Эске сала кетсек, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Владимир Лениндин эски аянттагы эстелигин алып, Турдакун Усубалиевдин эстелигин орнотууну сунуштаган.
Исхак Масалиев айтымында, Турдакун Усубалиевдин эстелиги аллеядагы Лениндин эстелигинен 200 метр аралыкта турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын күчтөрү Украинанын газ объектилерине сокку урду

Россиянын Куралдуу күчтөрү ATACMS соккуларына жана «Түрк агымы» аркылуу газ жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратуу аракетине жооп катары Украинадагы газ-энергетикалык жайларына сокку урду. «АКШда чыгарылган ATACMS узак аралыкка учуучу ракеталары жана Британиянын Storm Shadow канаттуу ракеталары менен Россиянын ичине жасалган соккуларга, Краснодар аймагындагы «Түрк агымы» газ куурунун ишин үзгүлтүккө учуратуу максатындагы чабуулга […]

You May Like