Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин алдына келген Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чыгып, “Күрөш эми башталат”,- деп билдирди.
“Бул күтүлгөн чечим эле. Бийлик Мадумаровдун оозун жапкысы келди. Бирок, бул чечим бүгүн эле алпарып, камап коёт деген чечим эмес. Негизи, туура эмес кылып жатышат. Дагы алдыда көп иштер бар, мындай нерселер жакшылык менен бүтпөйт”,- деди депутат.