Испанияга качкан орус аскери өлтүрүлдү

Автор

“Орус-Украина” согушунда тик учак менен Украинага өтө качкан орус аскери Максим Кузминов Испаниядагы үйүнүн алдында өлтүрүлдү. Ал 2023-жылдын август айында өзү башкарган Т-1008 тик учагы менен Украинанын түндүгүндөгү аскердик базага конуп, маалымат жыйыны учурунда башка орус аскерлерин Украинага келүүгө үндөгөн эле.
27 жаштагы Кузминов былтыр Орусиядан үй – бүлөсүн качырып, Испанияга жайгашкан. Анын өлтүрүлгөнүн Украинанын коопсуздук кызматы тастыктап, бирок, ким аркылуу набыт болгонун маалымдаган жок. Ал эми Орус коопсуздук кызматтары Кузминов аты-жөнүн өзгөртүп, башка өлкөгө качып кетиши мүмкүн экендигин жана өлүмү тууралуу кабар атайылап чыгарылганын айтты.
Европага качкан орус аскеринин көкүрөгүнө 12 жолу атып, кайра өлүгүн бир нече жолу машине менен тебелешкен. Ага Орусияда “мекенге чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектин түндүгү именен түштүгүн байланыштырган жаңы үч жол ачылат

Бишкекте Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билдиришти. Маалыматка ылайык, алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Ал эми Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде […]

Сизге жагышы мүмкүн