Диплом маселесинен улам мандатынан ажыраган Жогорку Кеңеш депутаты Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов депутат болду. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Төлөновго депутаттык күбөлүк жана төш белги бүгүн тапшырылган.
Маалыматка ылайык, бош калган мандат «Ата-Журт Кыргызстан» тизмесинде катталган кийинки талапкерге өткөрүлүп берилген.
Фархат Исмаиловдун мандат маселесине чекит коюлганын Жогорку Сот 30-октябрда маалымдаган.