Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзү жөнүндө айтылгандарга жооп берди.
“Мен эч жакка качкан жокмун. 4 -февралдан 9-февралга чейин Азербайжандагы кезексиз президенттик шайлоодо Кыргызстандын атынан көзөмөлчү катары катышып келдим. Мандатымды тапшырайын деген оюм жок. Анткени, мага 25 миң адам добушун берген. Учурда депутаттык милдеттеримди аткарып жүрөм”,- деди.
Бирок, коомчулук анын мандатын тапшырышы керектигин айтып келет.