“Искандер-М” комплексинин башкы конструктору көз жумду

Автор

“Искандер-М” ракета комплекстин башкы конструктору Олег Мамалыга 91 жашында дүйнө салды.
“Жогорку тактыктагы комплекстер” холдингинде белгиленгендей, Олег Мамалыга өз өмүрүн толугу менен Коломна шаарындагы Машина куруу конструктордук бюросунда иштөөгө арнаган. Ал азыр “Жогорку тактыктагы комплекстер” холдингинин бир бөлүгү болуп саналат. Конструктор биринчи советтик ПТРК “Шмель” жана “Малютка” системаларын иштеп чыгууга катышкан. Ошондой эле, Олег Мамалыга тактикалык жана оперативдик-тактикалык ракеталык комплекстерди иштеп чыккан. Алардын катарына “Точка”, “Ока”, “Ока-У”, “Искандер-М” кирет.
Олег Мамалыга 1933-жылы 4-апрелде аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал мектепти алтын медаль менен аяктап, Ленинграддагы аскер-механикалык институтуна ракеталык инженердик багытка сынаксыз өткөн. 1957-жылы Коломнадагы Атайын конструктордук бюрого бөлүнүп барган.

Бөлүшүү:
Next Post

Эгемендүүлүк күнүнө карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кыргызстанда 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде билдирди. Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кеңешмеде өлкө аймагындагы коомдук-саясий абалга кедергисин тийгизген факторлорго бөгөт коюу, элдин коопсуздугун камсыздоо жана укук бузууларга жол бербөө иш-чараларын күчөтүү маселелери каралды. Министр Эгемендүүлүк күнүнө арналган […]

Сизге жагышы мүмкүн