Дублинде бир адам кичинекей балдарга бычак менен кол салгандан кийин башаламандык башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Дублин шаарында окуучуларга бычак менен кол салуу маалыматы соцтармактарга тарагандан кийин нааразылык акциялары башталган. Каргашалуу окуяда 3 бала жана 2 киши жаракат алган.
Бир нече сааттан кийин Ирландиянын баш калаасынын көчөлөрүнө адамдар чыгып, иммигранттарга каршы ураандарды чакырган эл менен полиция кагылышкан. Митингчилер полициянын унаасын жана автобусту да өрттөштү.
Кол салган адам кармалып, бийликтер ал кишинин жеке маалыматын ачыкка чыгарышкан жок, бирок иммиграцияга каршы активисттер анын чет элдик экенин айтылган.