Ири ишкерлерди камакка албоону сунушташууда

Автор

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ири ишкерлерди кармоо учурунда камакка албоо боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат.
Өзгөртүүлөр Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесинин “Камакка алуу” бөлүгү боюнча киргизилмекчи.
Авторлор тергөөнүн жана соттун органдарынан качкан адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген же өзгөчө ири өлчөмдө киреше тапкан кылмыштарды жасаган адамдарга тиешелүү болбогон жобону алып салууну сунушташууда.
Министрлик өз чечимин ири ишкерлерге үй камагына алуу жана электрондук байкоо жүргүзүү, айыпталуучунун кайсы жерде экендигин алыстан көзөмөлдөө, ага карата белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү аткарууну камсыздоо максатында электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу чарасы ылайыктуураак деп эсептөөдө.
“Сунуштар депутат Дастан Бекешев тарабынан ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда парламенттин пленардык жыйынында айтылган. Мыйзам долбоорун президент демилгелеген”,-деп билдирилди министрликтен.

Бөлүшүү:
Next Post

Малинанын организмге пайдалары

1. Жогорку антиоксидант курамы: • Малина С витамини, кверцетин жана эллаг кислотасы сыяктуу антиоксиданттарга бай. Бул заттар сезгенүү жана өнөкөт оору коркунучун азайтуу, эркин радикал зыян клеткаларды коргоого жардам берет. 2. Иммундук системаны колдоо: • Малинанын курамындагы С витамини иммундук системаны бекемдеп, организмге инфекцияларга каршы күрөшүп, айыгууну тездетүүгө жардам берет. […]

Сизге жагышы мүмкүн