Иран өкмөтү кыйраган тик учактын ичиндеги президент Ибрагим Раиси жана башкалардын өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты.
Министрлер кабинети окуяга байланыштуу көңүл айтып, өлкөнү башкарууда эч кандай үзгүлтүккө учурабай турганын баса белгиледи. «Иран элинин эмгекчил жана талыкпас президенти, Ирандын улуу элине кызмат кылуудан башка эч нерсе жасаган жок. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн убадасына туруп, улут үчүн жанын кыйды»,-деп айтылат билдирүүдө.