Иран ШКУга мүчө болду

Автор

Иран Ислам Республикасы Шанхай кызматташтык (ШКУ) уюмуна толук кандуу мүчө болуп кирди. Бул тууралуу Индиянын төрагалыгы алдында ШКУ өлкө башчыларынын кезектеги онлайн-форматта өткөн саммитте кабыл алынган декларацияда айтылат.
Иран уюмга тогузунчу мүчө болду. 2022-жылы сентябрда Самаркандда өткөн ШКУнун мурунку саммитинде Иран уюмга мүчө-мамлекеттин статусун алуу боюнча милдеттенмелер боюнча меморандумга кол койгон. ШКУга расмий киргенге чейин республика байкоочу статусуна ээ болгон.
Белгилей кетсек, ШКУ 2001-жылы 15-июнда Шанхайда түзүлгөн. Алгач уюмга алты мамлекет – Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирсе, 2017-жылы аларга Индия жана Пакистан кошулган. Ооганстан, Беларус жана Монголия уюмда байкоочу статусуна ээ.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 1-класска 97 миңден ашуун бала кабыл алынды

2023-жылдын 3-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 97 миң 486 бала кабыл алынды, бул жалпы квотанын 52,5% түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Электрондук каттоодо баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү эң көп активдүүлүктү Бишкек шаарынын Октябрь районунда – квотадан 82%, Талас облусунун Кара-Буура […]

Сизге жагышы мүмкүн